Кыргызстандагы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаты Бишкек жана Ош шаарларындагы мэрия тарабынан жасалып жаткан иштерге саресеп салып, салыштырып чыккан.

Түштүк борбордогу Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган соң пайдаланууга берилген. Май майрамдарына шаардыктарга белек болгон көчө менен аллеянын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков баштаган эл өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

       

“Манас-Ата” МАБындагы Уркуя Салиева көчөсүндөгү жолдун 2 км бөлүгүнө жаңы асфальт басылды. Аны менен катар аллеяда балдар үчүн шарттар түзүлдү. Фонтан, инсталляциялар, балдар аянтчасы жана жарыктандыруу орнотулду. Түнү Кыргызстандын желеги көчөнүн башталышына өзгөчө көрк берип турат. Кошумча эки аялдама жана ажаткана курулган. Бул түзүлгөн шарттарды узак убакыт пайдалануу үчүн шаардыктарды аяр мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле видеокамералар орнотулганын эскертет.

Учурда Бишкек шаарында эки тилке кеңейтилүүдө – Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилиши, ошондой эле Байтик Баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль). Бишкек шаарынын мэриясы бул ыкма шаардагы тыгынды жоюуга жардам берет деп эсептейт.

Ал эми жолдорду кеңейтүү тыгын жана тыгын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бербей жатканы белгилүү. Тескерисинче абалды начарлатат.

Белгилей кетсек, көчөлөрдү кеңейтүү жашыл аймактардын эсебинен жүрүүдө, ал эми алар Бишкек шаарында мынчалык көп эмес, – деп жазган ЖМК.