Бүгүн, 9-майда, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, — деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34 градуска чейин ысыйт.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус ысык болот.