Бүгүн, 9-майда Бишкектеги «Жеңиш» аянтында президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Өлкө башчысы  «Өчпөс отко» гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.

Ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын «Жеңиш» аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.