Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев,  Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана  Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“9-май – биздин элдерибиздин жеңилгис эрдигин жана кайраттуулугун, тынчтык жана эркиндик үчүн кайраттуу күрөшүн, өз ара тилектештикти символдоштурган ыйык майрамдын күнү. Бул майрамдарда биз согуш талаасында жанаша баатырларча салгылашкан ардагерлерибизди жана тылда жан аябаган аталарыбызды, чоң аталарыбызды терең урматтоо менен эскерип, аларга чексиз урмат-сыйыбызды билдиребиз.

Биздин жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын жана жетишилген бардык макулдашууларды толук ишке ашыруунун натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тыгыз достуктун жана ынак коңшулаштыктын негизинде түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелери дагы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенем”, — деп айтылат Өзбекстандын Презилентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине мындан аркы бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Өз кезегинде, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктап, Кыргызстандын бардык ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине терең ыраазычылыгын билдирди.

“Бул ыйык күн дүйнөнү фашизмден сактап калган элдерибиздин болуп көрбөгөндөй эрдигинин, өзгөчө кайратмандыгынын жана эрдигинин символу катары тарыхта түбөлүккө жазылып калды. Бир туугандыктын жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, ынак коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем. Кыргызстандын бардык ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине терең ыраазычылык сөздөрүн айтам”, — деп айтылат Касым-Жомарт Токаев ин куттуктоо катында.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосунда: “Согуштун каардуу жылдарында биздин өлкөлөрдүн элдери бул жеңиш үчүн согуштун талааларында жана тылда ийиндеше биригишкен. Ата-бабаларыбыздын тынчтык, эркиндик жана келечек муундардын бактылуу келечеги үчүн жасаган даңктуу эрдиги тууралуу жаркын элеси жүрөктөрүндө түбөлүк сакталат. Мамлекеттери биздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер тараптардын жалпы кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенем”, — деп айтылат.