КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө жарандарын – 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү майрамы менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаровдун куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди КР министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү — улуу майрам менен куттуктайм.

1418 узак күн жана түн адамзат тарыхындагы эң кандуу жана каардуу согушка созулду. Арасында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон советтик жоокерлердин укмуштуудай күч-аракети, баатырдыгы жана кайраттуулугу үчүн биз биргелешип арамза душманды талкалай алдык. Эркиндик жана бейпил асман үчүн жанын берген баатырларга түбөлүк даңк!

Мен согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине, Ленинград блокадасын, согуштун оор сыноолорун жана коркунучтарын башынан өткөргөн, азап менен кыйынчылыктарды жеңип, фашизм менен бул айыгышкан салгылашууда жеңишке жетишкендердин бардыгына терең ыраазычылык билдиргим келет. Эрдигиңер үчүн силерге таазим!

Жеңиш күнү майрамыңыздар менен!».