Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта Билим берүү жана илим министрлиги жалпы 272 автомектепке лицензия бергени айтылат.

4-апрелден тарта 142 автомектеп текшерилип, жыйынтыгында 111 мекеменин жооптуу кызматкерине тийиштүү эскертмелер берилген. Айдоочуларды даярдаган дагы 130 автомектеп текшерилип жатат.

«Текшерилген автомектептердин 13ү эле лицензиянын талаптарына жооп берет. Ошондой эле айдоочуларды чыгарган 47 мекеменин жооптуу кызматкерлерине айып пул салынып, талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды», — деп жазылган маалыматта.

ЖКККББ кемчиликтерди жойбогон башка автомектептер жоюларын эскертти.