Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин өкүлдөрү кыргызстандыктар жазасын өтөп жаткан түзөтүү мекемелеринде болушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Вахдат шаарынын 1-ЖӨМ, Дүйшөмбү шаарынын 4-ЖӨМ жана Явон районунун 6-ЖӨМ даректерине барышкан. Алар Кыргызстандын жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарын кармоо шарттары менен таанышты. Соттолгон жарандарга алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын ар тараптуу коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды.

«Мындан тышкары, мекемелерге баруунун алкагында элчилик тарабынан Тажикстандын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта Кыргызстанда жашаган туугандары менен соттолгон КР жарандарынын видео байланышы уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.