“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовду кармалды, — деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК “Аврора плюс” эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирүүдө.

Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле президенттин аппаратынын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн, натыйжада 56 кымбат баалуу батир жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Тергөө учурунда бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталды.

Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде “Аврора плюс” эс алуу борборунан беришкен, бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.

Бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун эс алуу аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен чыгарып алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Иште топтолгон далилдердин негизинде 2022-жылдын 10-майында Алексей Ширшов КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө («Коррупция») каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө А. Ширшовго карата айып тагылып, сот тергөө мөөнөтүнө баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Бул иш боюнча тергөө иштери уланып, анын алкагында башка айыпталуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт.