Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору соода объектилерин жана базарларды пландан тышкары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Негизги максат — тамак-аштан массалык ууланууну алдын алуу.

Текшерүү маалында ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген товарлар изделет жана тез бузулуучу азыктарды сактоо шарттарын каралат.

Департамент коомчулукка төмөнкү чараларды сактоого чакырат:

  • кооптуу продукцияны сатып алганыңызды үйгө келгенден кийин билип калсаңыз аны пайдаланбаңыз жана өз алдынча жок кылууга аракет кылбаңыз;
  • продукцияны сизге саткан соода объектисине, сатуучуга жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун аймактык органдарына билдириңиз;
  • тез бузулуучу каймактуу кондитердик азыктарды көчөдөн жана сактоо шарттары сакталбаган (муздаткычтары жок) дүкөндөрдөн сатып албаңыз.