Чүй облусунун Панфилов районунун Чорголо айылында тоонун боорунда кичинекей үй жайгашкан. Сыртынан караганда кадимки эле үй көрүнгөнү менен бул үйдү туура 100 жыл мурун орустар салган экен. Алар аталган айылда 1922-жылдары таштарды чогултуп күйгүзүп аки таш  жасашкан. Учурда үйдүн тоо тарабында аки таш күйгүзүү үчүн салган мештерди көрүүгө болот.

Илгеркилер бул үйдөн кичинекей сары бала көзгө көрүнөрү, кайра кайып болуп кетерин айтып жүрүшкөн. Алар муну ушул үйдө төрөлүп, чарчап калган наристелерден болушу мүмкүн деп божомолдошчу.

Үйдүн азыркы үчүнчү кожоюну  үйдү алганда ичинде отун сакталып,  каралбай калганын көрүп сүрдүрүп салууга бел байлайт.

Канча жылдан бери турган үй кан чыгарып анан бузалы деген ой менен молдолорду чакыртып куран окутушат. Ошондо молдолор «бузсаңар жанында турган чоң үйдү бузгула, бул жерде ак элечек Батма Зуура Умай энелер отурат кантип бузасыз » дешет.  Муну уккан үй ээси, дароо үйдү тазалап актап, иретке келтирип, эч жерине тийбей, эшик терезелерин да ошол бойдон калтырат. Эки бөлмөдөн туруп, кылымды карыткан  үй  кышында жылуу, жайында салкын. Азыркы убакта коноктор келгенде, киши көп болгондо бул үй кадимки үйдөй эле колдонулат.

Келечекте кичинекей ак үйдү айлантып чоң үй салынарын, бирок, аталган үй чоң үйдүн бир бурчунда тарыхый имарат катары сакталып каларын айткан үй ээси, короосуна 1200 түп алма, өрүк, шабдалы отургузганын кошумчалады.