Бүгүн, 11-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +18…+23
Талас облусунда +19…+24
Баткен облусунда +22…+27
Ош, Жалал-Абад облустарында +22…+27
Ысык-Көл облусунда +17…+22
Нарын облусунда +17…+22.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +20…+22 градуска жетет