Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланган жарандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-майда Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда 5 жаран газга ууланып, шахтанын ичинде калып калган.

Жерине 8 куткаруучу тартылып, жабыр тарткан жарандар тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Кошумча маалымат берилет.