“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

10-майдагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен Алексей Ширшовду 26-майга чейин үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Эскерте кетсек, УКМК 10-майда “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалганын билдирген.

УКМК “Аврора плюс” эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирүүдө.

Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле президенттин аппаратынын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн, натыйжада 56 кымбат баалуу батир жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Тергөө учурунда бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталган.