Баткен облусундагы Өзбекстанга таандык Чоң-Кара анклавынын чыга беришинде аткезчилик жол менен жүк ташып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-майда болгон. Анда Айдаркен чек ара отрядынын күзөтчүлөрү Мамлекеттик бажы союзунун кызматкерлери менен биргеликте Чоң-Кара анклавынан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташып өтүүгө аракет кылган 3 унааны токтотушкан, Daewoo-Damas, Chevrolet-Lacetti жана Mercedes–Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын бардыгы Кыргыз жарандары болгон. Алар аткезчилик жол менен күнүмдүк керектөөдөгү кийимдерди, жер-жемиш жана жашылчаларды ташып бара жаткан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар жүгү менен кошо кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын органдарга өткөрүп берилгени кабарланды.