Бишкек шаарындагы Улут онклогия борборунда көкүрөк көөдөн сөөк оорулары менен жабыркаган бейтаптарды Туркиядан келген дарыгерлер бекер дарылоодо. Бул тууралуу дарыгер Мурзаев Исабек Кадыралиевич билдирди.

Анын айтымында, Түркиядан келген профессор 17 жашка чейинки балдарда кезиккен көкүрөк көөдөн сөөктөрүн операциясыз дарылоодо.

«Улуттук онкология борборунда Туркиядан келген профессор дарыгер Хасан Ерсоз  менен Бишкеткеги жарандарды кабыл алуудабыз . Негизинен көкүрөк клетканын ичине кирип же сыртына чыгып калган сөөктөрдү карап дарылоо жолдорун айтып берип, айрымдарын ошол эле жерден аппараттын жардамы менен дарылап жатабыз», — дейт Исабек Мурзаев.

Дарыгер кошумчалагандай, буга чейин мындай ыкма менен эч ким дарылаган эмес. Хиргугиялык жол менен операция жасалып келген. 2021-жылдын аягында Измирге окууга барып, ошол жерден  дарыгер Хасан Ерсоз менен таанышып тажрыйба алмашып, кыргызстанга чакырдык. Ал  вакуум жана артез деген аппараттарды өзү менен ала келип, учурда борбор калаадагы бейтаптарды карап жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, Мурзаев учурда 30 дан ашуун бейтап кароодон өткөнүн, 14-майга чейин Түркиялык дарыгер бейтаптарды бекер кароодон өткөрүп дарылай турганын, каалоочулар Улуттук онкология борборуна келип кайрылып кеп кеңештерди алууга болорун айтты.