Улуттук Коопсуздук кызматы апрель айынын башында Жогорку Кеңештин эки депутатынын жогорку билими тууралуу дипломдору жасалма экендигин жар салган. БШКга болгон материалдар берилгендиги кабарланган.

Күмөндүү диплом ээлери «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан Фархат Исмаилов жана «Альянс» фракциясынан Фарходбек Алимжановдор болсо дагы деле эл өкүлү болуп парламентте отурушат. Мандат алган жарым жылда «кыйратып» деле демилге көтөрүп чыккандардын деле эшитпедик.

Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдарынын 59 беренесинин 2-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты 25 жаштан ары, Жогорку кесиптик билими бар адам болушу керек.

Ошондо конституциялык мыйзамды ЖКтин депутаты бузуп жатабы же БШКбы?
Бир айдан бери мандаттар алынып, кийинки кезекте турган талапкерлер парламентке келиши керек эле. Болбосо, Борбордук Шайлоо комиссиясы УКМКнын маалыматына расмий төгүндөөгө тийиш…

Ар тармакта созулуп чечилбей келген мындай жагдайлар элдин кыжырын келтирип жаткандыгы айдан ачык.