Астананын тургуну сегизинчи кабаттан кулап бараткан үч жашар кызды куткарып калганын жергиликтүү агентикттер жазышты.

Казактсандын өзгөчө кырдаалдар минисрлиги билдиргендей, окуя 11-майда саат 10:21де Улуу Дала проспектиси, 27/1 дарегинде болгон. Бала терезенин сыртына чыгып кайра батирге кире албай калган.

«Куткаруучулар келген учурда 8-кабаттын балконунун карнизинде асылып турган баланы төмөнкү кабатта жашаган адам куткарып калганы аныкталган. 2019-жылы туулган кыз жыгылган учурда ата-энеси менен үйдө болгон. Ошол учурда баланын жанында эч ким болгон эмес. Бактыга жараша, 7-кабатта жашаган 1985-жылы туулган каарманыбыз Сабит Шонтакбаев асынып ыйлап жаткан баланы көргөн. Ал эч ойлонбостон, өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруу иштерин жүргүзүп, бир нече секунданын ичинде кызды кармап, баланын өмүрүн сактап калган», — деп айтылат министрликтин маалыматында.