Бүгүн, 11-майда селден улам Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сел калдыктарына толуп, жол эки тараптуу жабылды”, – деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ белгилегендей,  жеринде министрликтин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Кошумча маалымат берилет.