Кыргызгидромет билдиргендей, 12-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +21…+26
Талас облусунда
түнкүсүн +6…+11
күндүз +20…+25
Баткен облусунда
түнкүсүн +10…+15
күндүз +24…+29
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +10…+15
күндүз +24…+29
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +5…+10
күндүз +16…+21
Нарын облусунда
түнкүсүн +4…+9
күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +24…+26 градуска жетет.