Бүгүн, 12-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 613 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 356 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 259 куб метрге жетүүдө.