Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий иш-чаралардан кийин стол теннисин ойношту.
Мамлекет башчыларынын оюнунан сүрөттөр Казакстандын президентинин басма сөз кызматынын Telegram-каналына жарыяланды.
Буга чейин Токаев 13 жыл Казакстандын стол тенниси федерациясынын президенти болгон. Президенттин басма сөз кызматы казак мамлекетинин башчысы спорттун бул түрүнүн күйөрманы экенин белгиледи.
Маалым болгондой, Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга мамлекеттик иш сапар менен барган.