Кыргызстандык футболчу Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселона” клубунун жаштар курамасына расмий киргенин Кыргыз футбол бирикмесинен маалымдашты.

“Кыргызстандык футболчу өзүнүн эмгегинин жана каалоосунун аркасында «Барселона» футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алды”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаевдин буга чейин испаниялык «Леванте» клубуна аңгемелешүүгө чакырылганы айтылган.

Белгилей кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.