Мугалимдер ушул жылдын сентябрь айында деле жогорулатылган айлык акы алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым ЖМКлар сентябрда мугалимдер азыркыга салыштырмалуу аз маяна аларын, апрелде алардын жумушу, сааты көп болгондуктан маянасы да көп чыкканын жазып чыгышкан. Министрлик маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, бул боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалымат кызматы министрлер кабинетинин чечимине таянып педагогикалык, техникалык жана кичи тейлөө персоналынын айлык акысы 80 пайызга, административдик-башкаруу персоналынын маянасы 50 пайызга көбөйтүлгөнүн белгиледи.

«Аталган чечимге ылайык, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин эмгек акысын төлөө шарты саатка карап төлөөдөн тарифтик ставкага (оклад) өткөрүлгөн. Мындан тышкары, окладды эсептөө үчүн минималдык базалык коюм бекитилген», — деп айтылат маалыматта.

Тарифтик ставка минималдык базалык коюмду кызматтык оклад жана ставкалардын эсептөө коэффициенттерине көбөйтүү жолу менен эсептеле турганы кошумчаланды.

Министрлик мугалимдер азыр кандай айлык акы алып жатса, 2022-жылдн 1-сентябрынан тарта деле ошондой жогорулатылган маяна аларын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев апрель айынан тарта педагогдордун, дарыгерлердин, социалдык жана маданият кызматкерлердин айлыгы 50-100 пайызга жогорулай турганын белгилеген. Баары биригип 309 миңдей адам болгон.