2022-жылдын 11-май күнү Чүй районунун  милиция кызматкерлери  Кошой, Кызыл-Аскер, Талды-Булак, Ленин-Жол, Кара-Ой жана Султан айылдарын кыдырышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Милициянын көчмө кабылдамасы менен барышкан тартип сакчылары элге ички иштер министри Улан Ниязбековдун милиция кызматкерлеринин алдына коюлган калк менен тыгыз иштешүү, жарандардын арыздарын,  даттанууларын жана кайрылууларын өз убагында кабыл алуу жана көйгөйлөрүн жеринен чечүүгө көмөктөшүү боюнча талаптарын жеткиришип, кандай гана маселе болбосун ар дайым милицияга кабарлап туруу керектигин билдиришти. Ошондой эле, иш-чара учурунда милиция кызматкерлери ар бир жарандын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иштер аткарылып жатканын айтышты. Ошондой эле, кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында ар бир жаран өздөрүнүн мүлктөрүнө, мал жандыктарына сак болуу, кароосуз калтырбоо керектигин эскертишти. Кечки жана түнкү учурларда унаа жолдоруна малдарды калтырбоо керектигин баса белгилешип, жол кырсыктарынын болушуна  кароосуз калган малдарда себепкер экендигин айтышты.  Андан сырткары курал-жарагы бар жарандар менен жолугушуу болуп, ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин текшеришип, бир катар кеңештерин беришти.

Мектептердеги өткөн жолугушууларда окуучулардын коопсуздугу жөнүндө маектешүү болуп,   жол кыймылынын эрежелерин туура сактоо боюнча кеңештер берилди.

Андан тышкары негизги тапшырмалардын бири болгон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгын калк арасына туура жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жогорудагы айылдарга барган милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга маркумду акыркы сапарга узатуу зайнатында, үйлөнүү-үлпөт тойлорунда, маареке майрамдарын майрамдоодо ысырапкорчулукту болтурбоо керектигин эскертишти.

Калк менен тыгыз кызматташуу жана ишенимдүү мамиле түзүү аркылуу  көптөгөн укук бузуулар менен кылмыштуулукка жол берилберин эске алган Чүй райондук милициясы  айыл тургундары менен тез-тезден жолугуп, кеңештерин берип, жардамдарын көрсөтүшүүдө.  Учурда Чүй райондук милициясынын жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу максатында тартип сакчылары милициянын көчмө кабылдамасы менен ар бир айылды кыдырышууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы