Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Алексей Ширшов боюнча айрым тактоолорду киргизди.

Анын айтымында, Ширшов боюнча президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыккан.

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.

Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деп билдирди Султанбаев.