Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандын Милли Генгешинин Межлисинин төрайымы Гүлшат Маммедова менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов боордош эки элдин кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жаткандыгын айтып, өткөн жылы мамлекеттер аралык маанилүү иш-чаралар өткөнүн эске салды.

Анын ичинен президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын июнь айында Түркмөнстанга жасаган расмий иш сапарын канаттануу менен белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы: “Мамлекет башчыларыбыз жүргүзгөн сүйлөшүүлөр олуттуу маселелердин чечилишине өбөлгө болот деген ишеничтемин. Анткени Кыргызстан Түркмөнстан менен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүүгө кызыкдар”, – деди.

Муну менен катар жолугушууда парламенттер аралык алакалардын маанилүүлүгү белгиленип, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Милли Генгешинин Межлисинин төрайымы Гүлшат Маммедова да тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктары орток эки элдин алакасын арттыруу тууралуу сөз кылып: “Андыктан мамлекеттер аралык байланыштар үчүн маанилүү болгон парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл”, – деди.

Мындан тышкары маданий алакаларга да токтолгон Гүлшат Маммедова түркмөн эли улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окуурун белгиледи.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева да катышты.