Бишкек шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда балдардын тамактануусуна бөлүнгөн каражат 1-майдан тарта көбөйтүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана мектептерде толук кандуу балансталган жана жогорку калориялуу тамактанууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдардын тамактануу нормалары жогорулатылган.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарга:

-3 жашка чейинки ар бир балага күнүнө 100 сом (мурун 58 сом болчу); -3 жаштан 7 жашка чейинки ар бир балага күнүнө 120 сом (мурун 60 сом болчу);

-кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчадагы ар бир балага 150 сом (мурун 95 сом болчу);

-психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчилдиктери бар балдар үчүн тамактануунун нормасы 120 сом.

Белгилей кетчү жагдай, президенттин 1993-жылдагы «Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды багуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, кошумча төлөө принциби, 50 пайызын муниципалитет, калганын ата-энелер төлөйт.

Жалпы билим берүү жайларында окуган окуучулар үчүн:

-жалпы билим берүү уюмдарында жетим балдар жана 5-7-класстардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 22 сом (мурун14 сом болчу);

-жалпы билим берүүчү мектептерде окуган 1-4-класска чейинки окуучулардын тамактануусу 22 сомго чейин (мурун 14 сом болчу).

-мектептерде окуган психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчилдиктери бар балдар үчүн 36 сом (мурун 28 сом болчу)

-Октябрь районундагы №71 мектеп-интернатында жана Биринчи Май районундагы №1 БГИ атындагы мектеп-интернатында окуган ар бир балага күнүнө 200 сом (мурункусу 110 сом болчу);

-мектеп лагерлериндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдардын тамак-ашына 44 сом.