Бишкек – Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу  Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылаыйк, ымыркайлар тууралуу маалымат Аламүдүн РИИБне 12-майда түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери ымыркайлардын сөөгүн Дордой-2 жаңы конушунун аймагынан табышкан.

Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Материалдар Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилет.