Бишкекте кондитердик азыктар борбордогу 4 ири базарда текшерилди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери билдиришти.

Дарыгер Дилбар Бекиеванын айтымында, учурда Ош шаарындагы торттон уулануу фактысынын негизинде базар комплекстерин пландан тышкаркы текшерүү иштери жүрүп жатат.

Адис Кундуз Есенгулова белгилегендей, Бишкек шаарындагы Ош базары, Дордой-Дыйкан, Орто-Сай, Берекет-Универсал базарларында документтер жана маркировкалар текшерилген.

«»Ош» базары, «Орто-Сай», «Дордой Дыйкан», «Берекет-Универсал» базарларын кыдырып, кант-кондитердик жана кремдүү кондитердик азыктарды текшерип чыктык. Маркаланганын, товарды коштоп жазылган документтери бар-жогун карадык. Бардык базарларда мөөнөтү өтүп кеткен ар кыл товарлар абдан көп сатылып жаткандыгын аныктадык. Бүгүнкү күнгө алсак, базар менен чарбалык объектилердин жетекчилерине 325 миң сомго айып салуу туурасында 23 протокол түзүлдү», — дейт Есенгулова.