2022-жылдын 13-майында ЕККУнун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына Ички иштер органдарын бир катар түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу экскурциясы болуп өттү, атап айтканда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Бишкек шаарынын ИИББнын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

ИИМдин Республикалык окуу борборунда конокторго спорт комплекси, ок атуу үчүн тир, кыска мөөнөттүү баштапкы даярдоо курстарынын угуучулары үчүн спорттук аянтча жана окуу аудиториясы көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин РОБдун начальниги Кылыч Кадыркулов ИИОго кызматка орношуп жаткан талапкерлерди даярдоодо окуу процессинин негизги багыттары, болочок милиционерлерди даярдоону өркүндөтүүнүн мерчемделген долбоорлору жөнүндө айтып берди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен таанышып, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, иликтөө жана ачуу боюнча ишин жүргүзө тургандыгы тууралуу айтып берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов ЕККУ менен эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң коноктор Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына барып, делегацияларга жаңыланган Пресс-борбору көрсөтүлдү, андан тышкары материалдык-техникалык жабдуулар менен таанышышты.

Жолугушуунун аягында ЕККУнун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрү укук коргоо ишмердигинде ар тараптуу кызматташууга, ошондой эле ИИОну реформалоодо жардамды кеңейтүү маселелерин кароого даяр экендиктерин билдиришти.

 ИИМдин Басма сөз кызматы