9 жана 11-класстарды бүтүргөндөр орто жалпы билим жөнүндө жана негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктөрдү акысыз алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 9-класстын күбөлүгүнө  баалар кол менен толтурулат, ошондой эле  компьютерден да толтурулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, төлөм билими тууралуу документтердин дубликатын алган учурда жүргүзүлөт.

«Билими жөнүндө документтердин дубликаттары жоголгондугуна, фамилиясынын өзгөрүшүнө жана кетирилген каталарга байланыштуу мурунку бүтүрүүчүлөрдүн арызынын негизинде мектептердин өтүнүчү менен берилет»,- деп айтылат маалыматта.

Төлөө ата-энелер/абитуриенттер тарабынан басмакананын реквизиттери боюнча өз алдынча төлөнөт жана төмөнкү сумманы түзөт:

аттестат- 41 сом,

күбөлүк- 20 сом.