Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым социалдык баракчалар аркылуу Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр дарыясына түшүп кеткен 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери боюнча маалымат тарагандан кийин билдирүү жасады.

Белгилүү болгондой, Бакир Исаковдун эжеси министрликтин ишине нааразы болуп жатканын жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөндүгүн билдирип, буларга токтолду.

«Бирдиктүү нөөмөт 112 кызматынын нөөмөтчүлөрү бир нече жолу чалуу түшкөндөн кийин, суунун көлөмү көп болуп, түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Бирок жаран сууга кирип, жылкысын алып чыгуусун талап кылган. 11-май күнү саат 11:00 чамасында куткаруучулардын бир нече жолу эскерткендигине карабай Бакир Исаков кайык менен өз алдынча сууга кирүүгө аракет кылганда куткаруучу кайыкка түшкөн. Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен. Жаранды куткарууга куткаруучулар аракет кылышкан, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон, ал эми Б.Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган. Кырсык болор замат куткаруучулар куткарууга бир топ аракет кылышкан. Издөө иштери ошол күндөн бери жүргүзүлсө да өз натыйжасын бере элек. Жерине барган куткаруучулар буга чейин суунун деңгээли жогору болгондуктан түшүү кооптуу экенин агып кеткен жаранга бир нече жолу эскертишкен», — деп жазылат ӨКМнын маалыматында.

Бүгүнкү күндө сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 20 куткаруучу жана суучулдар кызматынан 5 суучул тартылган. Куткаруучулар топ-топторго бөлүнүп, Суусамыр дарыясында жана жээктеринде издөө иштерин жүргүзүүдө.