Президент Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскор ханзаада шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга жана БАЭ вице-президенти шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумга БАЭ Президенти Халифа бин Заед Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Маркум шейх Халифа бин Заед Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп ѳнүгүшүнѳ жана элинин бакубаттыкта жашашына эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.Шейх Халифа биз үчүн өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукердиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын нарктуу сөзү, салмактуу ойлору жана жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атынан Сизге жана маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана Эмираттын боордош элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаңыздарды тең бөлүшөм», — деп айтылат телеграммада.