Жумамүдүн Шералиев атындагы №6 искусство мектебинин алдындагы «Жаш канат» элдик хореографиялык ансамбли Москвада өткөн «Яблоки 1941 года» аттуу эл аралык жаштар театр сынагында баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Ансамбль конкурска «Живи и помни» деген спектаклин тартуулаган.
Спектаклди койгон режиссёр жана сценарийдин автору дагы сыйлыкка татыды.
Ааламды апаатка салган Улуу Ата Мекендик согуштун үрөй учурган ирмемдерин балдар ыр, бий, монолог аркылуу берип, көрөрмандарды кайдыгер калтырган эмес.
Эскерте кетсек, ансамблди Канат Фаткулин жетектейт.