Экономика
Кыргызстанда төрт айда ИДПнын көлөмү 5,4% өстү
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукттун көлөмү (ИДП) дээрлик 203 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын төрт айында 189 млрд сомду түзүп, 3,5 пайызга өстү.
Андан тышкары, 2022-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциянын көлөмү дээрлик 116 слрд сомду түзгөн.