Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Бишкек шаарында 4-5-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» достук мелдешинде президенттин администрациясы командасы жеңишке жетишкен. Мамлекет башчысы ошол учурда турнирдин байге фонду кайрымдуулук максатына багытталарын жарыялаган.

Маалымат үчүн: Жатак мектептин имараты 1988-жылы курулган, анын сыйымдуулугу 200 орундуу. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу билим алууда.