Бишкектеги калктуу конуштарга тургундар эс алуучу сейил бактар курулат. Бул тууралуу «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 4 гектарга жеткен сейил бактардын ичине кичи футбол аянтчалары, спорттук жана балдар аянтчалары, кийим которуучу жайлар, дааратканалар, жайкы сахналар жана жашыл чөйрө кирет.

Ошондой эле сейил бактар төмөнкү 3 аймакка курула турганы кабарланды:

Ак-Босого конушу (Чүй кең көчөсү 52 дареги). Жалпы аянты 2,161 гектар.

Ак-Босого конушу (Чүй кең көчөсү 51 дареги). Жалпы аянты 0,834 гектар.

Мурас-Ордо конушу. Жалпы аянты 1,12 гектар.

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси коомдук эс алуучу жайларды куруу долбооруна Бишкек мэриясы тарабынан макулдук берилгенин жана бардык документ иштери курулуш ченемдерине ылайык келерин кошумчалады.