Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн жазгы чакырыктагы жаш жоокерлерин аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аскердик антка келтирүүгө чейин,  бир айдын ичинде жаш жоокерлер жалпы аскердик даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматка зарыл болгон билимди жана саптык, дене-тарбия, ок атуунун ыкмаларын жана жалпы аскердик уставдардын беренелерин, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин үйрөнүштү.

Жаш Мекен сакчыларын Ички аскерлердин колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиев, аскер бөлүктөрүнүн командирлери, Ички аскерлердин ардагерлери, Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин өкүлдөрү, жакындары жана меймандар куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты.

Салтанаттуу иш-чара кыска убакыттын ичинде даярдалган жаш жоокерлердин саптык даярдык, кармашуу, кылмышкерлерди кармоо жана барабанчылардын саптык көрсөтүүлөрү менен уланды. Соңунда жаш жоокерлердин назарына майрамдык концерт тартууланды.