“Кадам-медиа.кж” маалымат порталы, жеке куржунга келген каттар менен бөлүшүүнү улантабыз.

Саламатсыздарбы?  “Кадам-медиаюкж”. Атым Гулнур 33 жаштамын. Балалыгым тээ алыскы Нарын облусунун тоолуу айылынын биринде өткөн. Менде жашаган бир сырды сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Балким ушундай кылганда өзүмдү жеңил сезе алам…

Кичинекей кезимде, атамдан күнүгө таяк жей берген апам мас келген атамды бычак менен сайып, акыры өзү да түрмөдөн каза болгон. Ызамды басаар бир тууганым жок болгондуктан, тайэжемдин колунда чоңойдум. Ал курган киши 17 жашымда эле өзүмдөн 15 жаш улуу кишиге турмушка берип кутулган. Эч нерсени түшүнбөй эле жашоого нааразы болуп жүрүп бир балалуу болуп калганымды билдим. Ошондой күндөрдүн биринде башым айланып кулап калчу болдум, баламды көтөрүп алып ооруканага барсам, каның өтө аз экен деп жаткырып салышты. Жанымда жаткандардын ата-энеси, бир туугандары, тууган уругу, тааныштары келип зээним кейийт. Себеби, мага эч ким келчү эмес, боору ооруп жанымдагы эже тамак-ашынан берип жүрдү. 4–5 күндөн кийин чыгып үйгө барсам жолдошум башка аял менен жашап алыптыр. Бул эмне кылганын деп ызы чуу чыгарганымда, мени сабап салды, анысы аз келгенсип баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана менин дагы документтеримди жыртып салып, каалаган жериңе кете бер деди. Ыйлаган боюнча түнкү автобуска отуруп Бишкекке жол алдым. Шаарда  мени күтүп алаар бирөө болсочу. Ошентип, бир күн автобекетте жаттым, чырылдаган балама жаны ачыдыбы же түшүндүбү, билбейм, ошол жакта иштеген эже кризистик борбордун дарегин берди. Ал жакка бардым, 1 ай жашаганга мүмкүнчүлүк алдым.

Ал жерден тааныш күтө баштадым, борбордо иштеген бир эже жардам берээрин айтып кубантты. Дордой базар жакта батир таап, иштей турганга иш дагы таап берди.

Күндөр өтө берди. Баламды кошуна эженин кызына каратып, кафелердин биринде идиш жууп иштеп жүрдүм. Эртең менен кетип, түнкүсүн саат 2–3 тө келем. Ошондой түндөрдүн биринде үйдүн жанынан кара мүртөз бирөө тосуп алып, маңдай терим менен тапкан 800 сомумду, көтөрүп жүргөн телефонумду тартып алды. Анысы аз келгенсип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, мени жулкунтуп ары сүйрөп, бери сүйрөп, кийимимди жулкулдатып чече баштады. Алышсам алым жетпейт, кантсе да эркек эмеспи. Кудайдан жалбарып суранып жаттым, жанымдан бирөө отуп калса экен деп, тилекке каршы эч кимге үнүм жеткен жок, кылчу ишин кылып алып, тиги айбан басып кетти.

Кандай коомдо жашап жатам деп, баарына нааразы болдум. Жан дүйнөм жанчылып, көөдөнүм кайгыга толуп, көздөрүм менен кошо жүрөгүм ыйлап жатты. Астымдан чыккандар таң калып эле карап кете беришти. Балким мени ичкен аял деп ойлошту го. Зордукталдым деп эч кимге айта да албайсын го, чиркин… Ошондон бери бир топ жыл өттү, жүрөгүмдөгү жалын өчпөй, тескерисинче алоолоп бара жатат. Ошол адам сымал айбанды көрсөм деп тилек кылам.

Баламды башкадан кем кылбай багам деп тырышып иштеп жаттым.  Дордойдо жаш балдардын кийимдерин саткан жерге сатуучу болуп ишке орноштум. Эрте чыккан менен, соода саат 3тө бүтүп үйгө эрте келем. Бир күнү баламдын бут кийими жыртылып, тиктирип берейин деп бут кийим оңдоочу жайга бардым. Ал жерде иштеген байке жылуу кабыл алды. Эки күндөн кийин келип алып кетиңиз деди. Айткан күнү келсем баламдын бут кийимин жакшынакай кылып тигип, майлап коюптур.  Канча болот десем, сиздей сулуу айымдан акча алсам болбойт го деп туруп алды. Ошентип экөөбүз таанышып баш коштук.

Жашаганыбызга 5 жылга чукулдап калды. Жолдошум өтө жакшы, кичи пейил адам. Бирок ага зордукталганымды, үйдөн куулуп чыкканымды такыр айта албайм, анын жанында өзүмдү күнөөлүү сезип кыйнала берем… .

Жазгул Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.