КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан кыргызстандыкка иш козгоду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

«Контрчалгындоо иштеринин жүрүшүндө ыкчам материалдардын, ошондой эле социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө, Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармактагы баракча аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон билдиришкендей, көрсөтүлгөн аккаунттун ээси Кыргызстандын К.у.А. аттуу жараны экендиги такталган.

Ошол эле учурда ыкчам маалыматтар боюнча К.у.А. 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткен.

Учурда алынган материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында К. у. А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК бул багытта жигердүү профилактикалык иштерди жүргүзүүнү улантууда, ошондой эле Кыргызстандын чегинен тышкары жердеги куралдуу операцияларга катышкандыгы үчүн КРнын аракеттеги мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын КР жарандарына эскертип кетет.