Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун Энелер күнүнө карата куттуктоосу:
«Урматтуу энелер!
Ажарлуу эже-карындаштар!
Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Эне дегенде баарыбыздын эсибизге эң алгач эле мээрими чексиз, жүрөгүндө кыпындай кири жок аруузат апаларыбыз келет. Дүйнөдө кандай гана кереметтер болбосун, алардын баары энелердин мээриминин, сүйүүсүнүн алдында түккө турбайт.
Кыргыз элибизде илгертен энени кандай сыйлоо, аздектөө керектигин акылыбызга сиңирип, деги эле аялзатына аяр мамиле кылууну, ардактоону үйрөткөн. Бизге өмүр, жашоо тартуулап, тарбия берип өстүргөн энелерди дайым сыйлоого, күлкүсүнө себепчи болууга милдеттүүбүз!
Энелер биздин бактыбыз, ырысыбыз. Ар бир жандын апасы узак жашасын! Ал эми биз уул-кыздары энелердин мээримине жылынып, элибизге кызмат кылалы!
Бардык энелерге чексиз бакыт, бекем ден соолук, узун өмүр, жаркыраган маанай каалайм!».