Караколдо аялын мыкаачылык менен сабады деп шектелген күйөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага дагы бир «Кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, Каракол шаардык ИИБнын УККсына киргизилген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган факты Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын РИИБге КР Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталган.

ШИИБдин маалыматына караганда, 14-майда Каракол ШИИБге аймактык ооруканадан 38 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аял денесинен жаракат алып келип түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу чыгып кетип, жаракаттарды күйөөсү келтиргенин аныкташкан.

Буга чейин укук коргоочу Камил Рузиев социалдык тармактарга милиция эч кандай чара көрбөй жатканын жазган. Ички иштер башкармалыгы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын баса белгиледи.