2022-жылдын 14-майында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) ШКУнун «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization» Эл аралык Ысык-Көл марафону өттү.

Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүп, ага дүйнө жүзү боюнча 3000ден ашуун 22 спортчу катышат.

Марафондун негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Стартка 3 миңден ашык адам чыгып, 100 спортчу 42 чакырымдык жарышка катышты.

Эл аралык марафонун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачты.

Ал катышуучуларды куттуктап, баарына чың ден соолук жана спорттук жетишкендиктерди каалады, ошондой эле спорттук иш-чаралар ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, туризмди жана эл аралык достук спорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Марафонду кубануу менен колдойбуз, анткени спорт аркылуу алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн спортчуларды жана туристтерди чакыруу жана башкысы – “Таза суу, таза аба, таза инсан” деген ураан астында  Кыргызстаныбызды таанытуу. Жашоо – күрөш, ал эми спорт – чоң күрөш. Чоң күрөштүн каармандары – эч качан өлбөйт” – деди Жапаров.

Соңунда эл аралык марафондо алдыңкы орундарга жетишкен жөө күлүктөргө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров сыйлыктарды тапшырды.
Бул марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлүп, ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат.

Марафонго ИИМдин Басма сөз кызматынын кызматкерлери — Бакыт Сеитов, Ырыс Джайлобекова, Улан Усенов, Данислан Асамидинов, Анастасия Пискур жана Адилет Мусаев, ошондой эле Кыргыз милициясынын ардагери генерал-майор Кемелбек Киязов катышышты, ал чуркоону сүйүүчүлөр жана адистер арасында мыкты натыйжаларды көрсөтүп, буга чейин беш эл аралык марафонго катышкан. ИИМдин генералы Кемелбек Киязов күмүш медалга ээ болду.

Ысык-Көл марафону — бул Борбордук Азиядагы «эл аралык»статусуна ээ болгон жалгыз марафон. Жеңүүчү спортчулар Азия оюндарына, дүйнө чемпионаттарына жана Олимпиада оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization» марафонунун расмий өнөктөшү болуп саналат.

Чолпон-Ата шаарында өткөн спорттук иш-чаранын катышуучуларына жана байгелүү орундарды ээлегендерге КР ИИМдин БМЖКККнын логотиби түшүрүлгөн эстелик белектер тапшырылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы