2022-жылдын 16-майында  ички иштер министри Улан Ниязбеков жайкы туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын” өткөрүүдө коопсуздук чаралары туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.   

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. ИИМдин башчысы  Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында “Жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачык деп жарыялангандыгын жана ошого байланыштуу, жергиликтүү эс алуучулардын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун сактап, одоно тартип бузууларга бөгөт коюп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо – ички иштер органдарынын приоритеттүү багыты болуп саналат деп баса белгиледи.

«Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, Ички аскерлердин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Күзөт кызматынын жана жер-жердеги ички иштер органдарынын кызматкерлери жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти сактап, элге сервистик тейлөө көрсөтүү үчүн туристтик аймактарга белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт. Ар бир шаардык, облустук ички иштер башкармалыктарында элдин коопсуздугун камсыздоого бөлүнгөн күч-каражаттарды координациялоо үчүн “Маалыматтык топтор” иштейт.

Элди алдап, алдамчылык жолу менен жарандарды материалдык чыгымга учураткан, ошондой эле эс алууда жүргөн жарандардын жана чет элден келген туристтердин акча-каражаттары, буюмдары уурдалып кетүүсүнө бөгөт коюу үчүн алдын алуу ыкчам иштери күчөтүлсүн.

Коомдук жайларда, көчөлөрдө, жалпы эл эс алуучу аймактарда бейбаштыктарды, баарына бирдей болгон коомдук тартипти одоно бузууларды, элге жат көрүнгөн окуяларды болтурбоо үчүн кайгуул иштери сапаттуу жүргүзүлсүн»,-деди Улан Ниязбеков.

Жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи. Ошондой эле, төрт багыттан турган “Нускамалык тапшырмалар” коюлду.

Биринчи нускама: Коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлсүн.

Ушул жылдын 26 жана 27-май күндөрү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин форуму өтүшүнө байланыштуу атайын иш чараларды күчтөндүрүү колго алынсын. Иш-чаралардын негизги максаты – коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузууларга бөгөт коюу жана жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү болуп эсептелет.

Андан тышкары, жайкы туристтик сезондун башталышы менен жергиликтүү калктын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугу каралсын. Жакында эле, Президенттин “Ысык-Көл облусундагы калктуу конуштардын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө”  Жарлыгы чыккан.

Аталган Жарлыкты ишке ашыруу максатында санаторий, пансионат, эс алуу үйлөрү жана башка пляж аймактарында курулган объектилердин ээлери, ижарачылары менен жолугуп, Жарлыктын негизги максатын туура түшүндүрүү иш чаралары Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү мекеме, уюмдардын жетекчилери менен бирге жүргүзүлсүн. Андан тышкары, туристтик эс алуучу жайларда элдин, алардын жеке мүлктөрүнүн коопсуздугуна көңүл бурулсун. Жардам сурап кайрылган баардык жарандарга анын ким экендигине карабастан мыйзам чегинде маселесин жеринде чечүү иштери колго алынсын.

Жергиликтүү бийлик органдары, тиешелүү министрлик жана ведомстволордун бөлүмдөрү менен бирге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, адамдардын, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп же башка кырсыктарга кабылып калуусун алдын алуу чаралары жогорулатылган тартипте алып барылсын;

Экинчи нускама: Элдин турмуш тиричилик абалына терс таасирин тийгизген кылмыштарды, окуяларды болтурбоо жана ага бөгөт коюу максатында алдын алуу түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн.

Арыз менен кайрылган ар бир жарандын арызы кароосуз калбасын жана арыздар боюнча кабыл алынган чечимдер жабырлануучуларга кабарланып, элдин нааразычылыгын пайда кылууга жол берилбесин.Эгерде кайсы бир факты боюнча жарандардын нааразычылыгы пайда боло турган болсо, анда ошол жердеги ички иштер бөлүмүнүн биринчи жетекчилигине карата катуу тартиптик жазалар колдонула тургандыгын эскертем.

Жаш өспүрүмдөргө карата жана жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарга, укук бузууларга жол бербөө, укук бузууларды алдын алуу максатында мугалимдер, ата-энелер комитети, тиешелүү уюмдар жана мекемелер менен бирге профилактикалык иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлсүн.

Коомдук жайларда, көчөлөрдө, жарандар эс алуучу аймактарда күнү-түнү “Коомдук кайгуулдар”, “Көчмө патрулдар” жүктөлгөн милдеттерин так аткарсын.“Милициянын көчмө кабылдамалары” күнүгө элге чыгып, элдин социалдык турмуш-тиричилик маселесине байланышкан көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүп, сервистик тейлөө иштери улантылсын;

Үчүнчү нускама: Чек-ара аймактарындагы чыр-чатактарды болтурбоо, экстремизм жана мыйзамсыз миграция фактыларын алдын алуу боюнча, жергиликтүү дин иштеринин бөлүмдөрү, башка улуттардын өкүлдөрү, айыл аксакалдар жана жаштар кеңештери менен бирге ар түрдүү чагымчыл аракеттерди болтурбоо, эл арасында, анын ичинде улуттар арасында кастыкты козутууга шарт түзгөн учурларга бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

Жайкы туристтик сезонго байланыштуу жана жарандардын өмүрүн, ден-соолугун сактоо максатында, жол кыймылынын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте алып барылсын. Ар бир жол кырсыгы болушу мүмкүн болгон участокторго кызматкерлер туура бөлүштүрүлсүн. Туристтик сезонго карата, Ички иштер министрлигинин комплекстүү иш-чаралар мерчеминдеги талаптар так аткарылсын.

“102” кызматы, “Ыкчам-тергөө топтору”, “Мониторинг борборлору”, “Ыкчам башкаруу борбору”, “Нөөмөт бөлүктөрү”, “Аймактык участкалык пункттар” жарандардын кайрылууларына, ар бир жасалган кылмышка жана окуяга тез арада чара көрүп, укук бузууларга жеринде бөгөт коюу иштери жүргүзүлсүн;

Төртүнчү нускама: Өздүк курам арасында мыйзамды жана тарипти сактоо, элге сылык мамиле жасоо, жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү иштери улантылсын.

Эгерде жарандарга оройлонуп, өз милдетин туура аткарбай текеберленип, элдин нааразычылыгын пайда кылган учурлар орун ала турган болсо, ошол кызматкерге жана анын түздөн-түз жетекчисине карата катуу тартиптик чаралар колдонула тургандыгын эскертем.Күнүгө эртең мененки саптык тизилүүдө өздүк курамдын сырткы формалык кийимине көңүл бурулуп, жогоруда аталган талаптар жана тапшырмалар жеткирилип турсун.

Ички иштер органдарынын катарында сапатсыз иш алып барган, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан, милициянын беделине шек жараткан, элдин эмес жеке кызыкчылыгын ойлогон кызматкерлерге орун жок экендигин ачык билдирем. Элге ачык болуп, эл менен бирге болуу – милициянын эң башкы максаты. Жардам сурап кайрылган жарандарга кичи пейил мамиле жасап, жеринде колдон келген жардам көрсөтүп, арыз-даттануулар боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүп, иш алып баруу — катардагы кызматкерден, биринчи жетекчиге чейинки кызматкердин ыйык милдети.

Жогоруда аталган максатты жана милдетти — ар бир милиция формасын кийген кызматкер аткарсын деген буйрук кылам- деди Улан Ниязбеков онлайн чогулушту жыйынтыктап жатып.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы