Бүгүн, 16-майда Улуттук кардиология жана терапия борборунда Гипертония күнүнө карата ачык эшиктер күнү болуп өттү.

Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда артериялык гипертониянын таралышы 44-47% түзөт. Бул дартка чалдыккандардын 2-7% гана каттоодо турат.УКТБ директору Талантбек Сооронбаевдин айтымында, гипертония симптомсуз өтүшү мүмкүн болгондуктан, көбү ооруп жатканын билишпейт. Ошондуктан, бул оору «унчукпай өлтүргүч» деп аталат.

«Кан басымын үзгүлтүксүз өлчөө ден-соолукка көз салууга жардам бермек. Андыктан биз ар бир адамды ден соолугуна көз салууга чакырабыз», — дейт профессор.

Белгиленгендей, саат 18:00гө чейин «Дордой Плаза», «Бишкек Парк», «Азия Молл» соода борборлорунда каалоочулар өз басымын таптакыр бекер өлчөй алат. Акция бир гана күнгө созулат.