Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев пара менен кармалган кеңешчисин кызматтан бошотконун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, азыркы тарап жаткан кабар өзүнө да күтпөгөн жагымсыз окуя болгон.

Кожошев кеңешчиси тууралуу тарап жаткан маалыматтар өзү үчүн күтпөгөн жагымсыз окуя болгондугун айтып, ыңгайсыз абалга келип олтургандыгын билдирди.

«Чынымды айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок, тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти. Эми кененирээк маалымат бере кетсем:

УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы, 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган.

Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып,аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым.

Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам.

Бул иш менин жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм. Буга чейин кандай гана кызматтарда иштесем да элим үчүн таза иштеп келем. Мындан ары да элибиз үчүн ак ниет менен чын жүрөктөн таза кызмат кылам», — деп билдирди калтырган Кожошев.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси Ы.Т.К., пара алуу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Ал 2016-жылы чет элдик ишкерден эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес. Ал эми 4-майда УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С., аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К., кармалган.