Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөдү. Бул президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы катышуучуларды жакында болуп өткөн майрам Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш күнү менен куттуктады.

«Биринчиден, бир тууган элдерибизди Улуу Жеңиштин жетимиш жети жылдыгы менен куттуктайм!

9-майда Кыргызстанда “Баатырларга түбөлүк даңк! Эч ким унутулбайт, эч нерсе унутулбайт!” урааны астында ми миңдеген адамдардын катышуусунда “Өлбөс полктун” жөө жүрүшү орун алды. Совет элинин нацизмди жана фашизмди жеңгендигинин бул майрамы республикада ыйык сакталып, урматталат, чоң аталарыбыздын жана аталарыбыздын эрдигине ар дайым терең таазим кылынат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле чогулгандарды Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын отуз жылдыгы жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун түзүлгөндүгүнүн жыйырма жылдыгы менен куттуктады.

“Акыркы жылдарда болуп жаткан эл аралык окуялар Бресттен Владивостокко чейин жалпы жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жогоруда кабыл алынган стратегиялык чечимдердин тууралыгын тастыктап турат”,-деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы уюм түзүлгөн мезгилде өзүнө жүктөлгөн жооптуу миссияны татыктуу аткарып, институционалдык жактан өнүгүп, потенциалын чыңдап жатканын канааттануу менен белгиледи.

Мындан тышкары ал, ал азыркы эл аралык кырдаал глобалдык коопсуздук жагынан да, дүйнөлүк экономика жагынан да көңүл жубатарлык эмес экенин баса белгиледи.

«Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Ошентип, жылдын башында биз мүчө мамлекеттердин биринде күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз ыкчам жана эффективдүү жооп кайтардык», — деди Садыр Жапаров.

Президент Ооганстандын айрым провинцияларында алардын тышкы демөөрчүлөрүнүн Борбордук Азия боюнча кеңири пландары бар эл аралык террористтердин жана экстремисттердин болушуна байланыштуу ЖККУнун түштүк чек арасындагы кырдаал абдан кооптуу бойдон калып жатканын белгиледи.

«Афган проблемасы биздин дайыма көңүлүбүздүн борборунда жана талдообузда болушу керек деп эсептейм. Бул багытта саясий-дипломатиялык жана аскердик-техникалык коопсуздук чараларынын бардык комплексин ишке ашыруу зарыл. Ошол эле учурда афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маанилүү, алардын арасында кыргызстандык туугандарыбыз да бар», — деди Мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, Президент санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргыз экономикасы коронавирустук пандемиядан калыбына келбей жатып, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык туруктуулукка жана социалдык туруктуулукка күчтүү санкциялык соккуну алды”- деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мындай шарттарда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында санкциялардын кесепеттерин жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашын алдын алуу боюнча бирдиктүү чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.