Бүгүн, 16-майда, Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына карата Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кремлде тегерек столдо жолугушту.

Катышуучулар ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип, координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө кол коюшту, ошондой эле Казакстан Республикасынын аймагында 2022-жылдын январында

ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларына сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алышты.