Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Музейдеги түн» өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Аталган иш-чара Эл аралык музей күнүнө карата уюштурулган. Маданий мекеменин эшиги 18-май күнү саат 11:00дөн 22:00гө чейин ачылып, конокторду кабыл алат. Кирүү акысыз.