Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарында көк бөрү дагы, көкпар дагы ойнолот. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама команда түзүлөт.

Ошондой эле команданын жектекчилиги жана машыктыруучулары дайындалган.

«Көк бөрү курама командасынын жетекчиси Аскат Искендеров, машыктыруучусу Нурлан Мамбетов жана физикалык машыктуруучу болуп Урмат Мусаев дайындалды. Көкпар боюнча курама команданын жетекчиси Мыктыбек Туташов, машыктыруучу Тилек Урманбетов жана физикалык машыктыруучу Максат Кыйдыбаев дайындалды», — деп билдиришти федерациядан.

Эске салсак,  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.